"Кудайберген" базарынын жанындагы тетик саткан дүкөндөн өрт чыкты

ӨКМ тараткан сүрөт.

25-февралдын таңында Бишкек шаарынын Патрис Лумумба жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, “Кудайберген” базарына жакын жердеги өрт таңкы саат 6 чамасында чектөөгө алынды.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб, мындан тышкары райондук электр тармактарынан жана ИИМден бригада тартылган.

Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Болжол менен 800 чарчы метр аянтты өрт жалмаганы кабарланды.

Дагы караңыз

ЕБ лидерлери Киевдеги саммитте Украинага колдоосун билдириштиБУУ: АКШ Украина сунуштаган резолюцияга каршы добуш берди, Кыргызстан калыс калды24-февраль: Украина согуш курмандыктарын эскерүүдө, Бишкек Газадагы палестиндерди көчүрүүгө каршыТрамп менен Макрон Вашингтондо жолукту