Аба ырайы: Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт

21-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 1…6.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 12…14° жылуу болот.

Дагы караңыз

Соода-өнөр жай палатасы АКШ элчилигинин өкүлү менен санкция маселесин талкуулады Сузакта өспүрүм курактагы 17 кызга нике кыюуга уруксат беришкен"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору кызматтан алындыТажибек кызы абакта коркутуу болгонун акыйкатчынын өкүлдөрүнө билдирди