Мандатын тапшырган Гүлшаркан Култаева БШКга мүчө болду

Гүлшаркан Култаева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшаркан Култаева Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлигин парламент 19-февралдагы жыйында бир добуштан колдоп берди.

Култаева бир күн мурун өз арызы менен мандатын тапшырган. Анын ордуна “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер Гүлсүнкан Жунушалиева депутат болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 10-февралдагы жыйынында төрайым Нуржан Шайлдабекова өз ыктыяры менен кызматын тапшырган. Анын ордуна БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайланган.

2021-жылы шайланган 7-чакырылыштагы парламентте жыйырмадан ашык депутат ар кандай себептер менен мандатын тапшырды. (TSh)

Дагы караңыз

Парламент төрагасы депутаттарды шайлоо мыйзамы президент менен макулдашылганын айтты