Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) медициналык мекемелерде өрт коопсуздугунун сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берди.
Бул тууралуу ал 13-февралда Бишкектеги өрт чалган Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтуна барганда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Андан тышкары ведомстволор аралык комиссияга бир жуманын ичинде өрттүн себептери боюнча корутунду берип, келтирилген зыянды эсептеп, институтту калыбына келтирүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда 11-февралда чыккан өрттүн кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза тапты. Саламаттык сактоо министрлиги алар операциядан кийин оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптар болгонун, эвакуациялоо учурунда көз жумганын билдирди. Өрттөн дагы 9 адам жабыркады.
Кырсыкка байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоду.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. (BTo)
Дагы караңыз
13-февраль: Журналист Нарын Айып дүйнө салды. Мүнхенде 20дай киши машине сүзгөндө жараат алды. ХАМАС радикал тобу туткундарды бошотууну уланта берерин билдирдиКабулда талибдердин мекемесине чабуулдан эки адам набыт болду12-февраль: Сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин колдоду, ооруканадагы өрт эки баланын өмүрүн алды Ишкерлик кылбаган жарандар салык декларациясын толтурбай турган болду "Дордой" базарларында салык жыйноону базар башчылары көзөмөлдөйтЖурналист Нарын Айып 72 жашында дүйнө салдыКазакстанда камактагы активист Тимур Данебаев ачкачылык жарыялады