Кыргызстанга былтыр сырттан 2,9 млрд доллар которулду

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы сыртта жүргөн мигранттардан Кыргызстанга 2 млрд 989,46 млн доллар которулган. Мунун басымдуу бөлүгү - 2,7 млрд доллар Орусиядан жиберилген.

Бул тууралуу Улуттук банк кабарлап, акыркы жылы алыскы чет өлкөлөрдөн которуулар арбыганын билдирди.

Ал эми Кыргызстандан чет мамлекеттерге 2024-жылы 445,75 млн доллар акча жиберилген.

2023-жылы чет жакта жүргөн жарандар 2 млрд 706,1 млн доллар которгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш талаш жараткан Жер кодексин үчүнчү окууда кабыл алдыА.Абдирасулова: Мага карата каралоо, куугунтук иликтениши керек Кара-Сууда окуучунун өлүмүнөн улам бир топ жетекчи, кызматкер иштен алындыДарыгерлер 120 миң сомго чейин айлык алабы? Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү