Жогорку Кеңеш Кыргызстанда сот арачылар институтун ишке киргизүүнү дагы 10 жылга – 2035-жылга чейин жылдыруу тууралуу мыйзам долбоорун 13-февралдагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алды.
Юстиция министри Аяз Баетов сот арачылар институтун ишке ашыруу үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат керек экенин, бирок ал быйылкы бюджетте каралбаганын айтты. Анын сөзүнө караганда, бул сумма техника сатып алууга, кадр даярдоого, айлык акыга жана башка чыгымдарга сарпталмак.
Сот арачылар институту 2025-жылдын 1-январынан тарта иштей башташы керек болчу. Эгер ал иштесе, оор жана өтө оор кылмышка шек саналып жаткан адам анын ишин сот арачылары карасын деп өтүнүч келтирип, колдоо тапса, ишти ошолор карамак.
Парламентте депутаттар Кыргызстанды сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн бул институтту ишке киргизүү зарыл экенин айтышты. (BTo)
Дагы караңыз
Кара-Сууда окуучунун өлүмүнөн улам бир топ жетекчи, кызматкер иштен алындыЖогорку Кеңеш талаш жараткан Жер кодексин үчүнчү окууда кабыл алдыЖК комитети Орунтаев жана Шайлдабекова боюнча чечим кабыл алдыУКМК Жайылда бала бакча жана спортзал мамлекетке кайтарылганын билдирдиMCN coin иши боюнча Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы Тойчубеков камалдыМилиция Ошто 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгонун билдирдиЧүйдө “Йакын-Инкар” экстремисттик кыймылынын төрт мүчөсү кармалдыДепутат Айдаралиев өкмөттү мектеп рэкетчилигине каршы күрөштү күчөтүүгө чакырдыТрамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү