Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү

Дональд Трамп, Владимир Зеленский жана Владимир Путин. Коллаж.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 12-февралда телефондон сүйлөштү. Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө орус лидери менен “узак жана өтө майнаптуу баарлашуу” болгонун жазды.

“Биз орус-украин согушунда болуп жаткан миллиондогон адамдардын өлүмүн токтотууну каалайбыз, буга экөөбүз тең макул болдук... Биз бири-бирибиздин өлкөлөрүбүзгө баруу менен абдан тыгыз иштешүүнү макулдаштык. Ошондой эле биздин тиешелүү командалар сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоого макул болдук жана Украинанын президенти Зеленскийге телефон чалып баштайбыз”, - деди Трамп.

АКШ президенти ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган командасынын курамын жарыялады.

Ага мамлекеттик катчы Марко Рубио, Борбордук Чалгын кызматынын (ЦРУ) башчысы Жон Рэтклифф, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф кирди.

Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү дээрлик бир жарым саатка созулганын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал Путин Трампты Москвага чакырганын айтты.

Көп өтпөй Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамп менен телефондон “дипломатиялык, аскердик, экономикалык” маселелерди талкуулаганын кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

Милиция Ошто 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгонун билдирди“Бишкек парк” соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү12-февраль: Сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин колдоду, ооруканадагы өрт эки баланын өмүрүн алды CPJ: Былтыр дүйнөдө 124 журналист ажал тапты, анын 70% Газага тиешелүү “ЭлКаттын" жетекчиси жана негиздөөчүлөрү 3-апрелге чейин камалды