“Бишкек парк” соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү

“Бишкек парк” соода борборунда чыккан өрттү өчүрүү учуру. 13-февраль, 2025-жыл.

“Бишкек парк” соода борборунда 13-февралдын таңында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, соода борборунун электр зымдарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, аны өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда 11-февралда чыккан өрттүн кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза тапты. Саламаттык сактоо министрлиги алар операциядан кийин оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптар болгонун, эвакуациялоо учурунда көз жумганын билдирди. Өрттөн дагы 9 адам жабыркады. Кырсыкка байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоду.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. (BTo)

Дагы караңыз

12-февраль: Сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин колдоду, ооруканадагы өрт эки баланын өмүрүн алды CPJ: Былтыр дүйнөдө 124 журналист ажал тапты, анын 70% Газага тиешелүү "Азаттыктын” беларус кызматынын журналисти Андрей Кузнечик абактан бошотулдуХегсет: Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусу реалдуу эмес “ЭлКаттын" жетекчиси жана негиздөөчүлөрү 3-апрелге чейин камалдыФутбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Австралияга 1:5 эсебинде утулдуМектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү иликтенүүдө Конституциялык сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин мыйзамдуу деп тапты