Уландын журналистикадагы жолу уланат

Уланбек Эгизбаев "Азаттыктын" студиясында, 9-август, 2013-жыл

Дүйнөдөгү чыгаан журналисттерге берилүүчү David Burke сыйлыгы Уланбек Эгизбаевге 2018-жылы көзү өткөндөн кийин ыйгарылган.

"Азаттыктын" журналисти президент Алмазбек Атамбаевге маалымат жыйынында суроо берип жатат, 1-август, 2016-жыл

Уландын «Кыял» тасмасы 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сынагында 13 миң видеонун ичинен алдыңкы бештикке кирген. Тасманын каарманы Нургазы менен Улан АКШга барып сыйлык алып келишкен эле.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти 2018-жылы "Алтын Калем - 2018" сыйлыгын алган. 

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Айдын мыктысы" сыйлыгын Уланбек 2018-жылы июль айында алган. Бул журналисттин көзү тирүүсүндө берилген акыркы сыйлыгы эле.   

Улан туулуп-өскөн айылында, 2013-жылдын август айы

"Азаттыктын" журналисти Тажикстанда иш сапары менен, 12-сентябрь, 2014-жыл 

Берлин сапарынан бир элес. 31-май, 2015-жыл

Улан 2017-жылы 9-октярда журналист Сапаргүл Абдинабиева менен баш кошкон. Уландын көзү өткөндөн кийин уулу Белек төрөлгөн.  

Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган. Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда иликтөөчү журналисттерге сыйлык ыйгарылат.

Жыл сайын 12-февралда иликтөөчү журналисттерге сыйлык ыйгарылат. 

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын 2020-жылдагы жеңүүчүлөрү.

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын 2022-жылдагы жеңүүчүлөрү 

Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналган футболдук мелдеш Ысык-Көлдө өткөн, 27-июль, 2021-жыл

Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө сууга чөгүп, 28 жашында өмүрү кыйылган.