Саламаттык сактоо тармагында коррупция токтобой, дарыгерлер ар бир операция үчүн 30-40 миң сомдон талап кылып жатышканын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев 12-февралда парламентте билдирди. Ал дарыгерлер бейтаптарды дары-дармектерди сатып алууга мажбурлап, оорусун аныктоо үчүн менчик лабораторияларга жиберерин айтты.
"Президентибиз коррупцияны токтотуу боюнча мыйзамга кол койду. Катаал, жазасы оор мыйзам экенине карабай, коррупция токтогон жок. Мамлекет жактан камсыз болуучу дары-дармек, жабдыктарды бейтаптардын өздөрүнө алдырышат экен. Жаңы дайындалган саламаттык сактоо министри ушуну эске алып, тармактагы коррупцияны токтотуу чараларын көрүшү керек", - деди депутат.
Саламаттык сактоо министри кызматына жакында дайындалган Эркин Чечейбаев 5-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, тармакта өзгөчө системалуу коррупцияга каршы күрөшүүгө, калкты дары-дармек менен жеткиликтүү камсыз кылууга, өлкө аймагында медициналык мекемелерди курууга жана жабдууга аракет кыларын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. (ZKo)
Дагы караңыз
Фейсбуктагы жазгандары үчүн дагы бир жаран кармалдыОоруканадагы өрт: Эки бейтап бала эвакуация учурунда каза болду Депутат Бекешев Орусияда кыргыз мигранттарынын укугу бузулуп жатканын айттыЫсык-Көл, Чүй, Бишкекте райондук милиция башчылары алмашты"Иштеги ийгилик үчүн". Өзүнө өзү сыйлык берген өзбек акимдери