Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин 275-“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси менен ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
11-февралдын кечинде Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыгып, кырсыктан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза болду. Андан тышкары 9 адам иске ууланды.
Бейтаптар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Улуттук госпиталга, Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду.
Саламаттык сактоо министинин орун басары Каарманбек Байдавлетов 12-февралда басма сөз жыйынында алдын ала маалымат боюнча өрт оорукананын жер төлөсүнөн чыкканын айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген. (BTo)
Дагы караңыз
Улуттук кардиохирургия институтундагы өрт учурунда эки бала каза болуп, 9 адам жабыркадыУКМК Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү кармалганын билдирдиПрезидеттин иш башкаруучусу “ЭлКатка” Баясовду убактылуу директор кылып дайындады11-февраль: Кыргызстан жемкорлукту жеңүүдө артка кетти, Дүйшөмбү Ворух жолу, суу боюнча сүйлөшүү уланып жатканын билдирдиТүркия Сирия менен чек арасында соода, транзит чектөөлөрүн алды