Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт учурунда каза болгондор жана башка ооруканага которулган бейтаптар тууралуу комментарий берди.
Мекеменин 12-февралдагы маалыматына караганда, кырсык учурунда 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза тапты.
11-февралдын кечинде өрт чыккан учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жалпы 104 адам болгон. Алардын ичинен 50 бейтап (19у балдар), аларды карап жаткан 32 адам жана 22 медициналык кызматкер болгон.
12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, эки бейтап Улуттук госпиталга, 15 бейтап Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. 19 адам үйүнө дарыланууга коё берилди.
Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган балдардын ичинен экөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, иске ууланып ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен жети киши Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун дарыгери, экөө бейтаптарды карап жаткан адамдар.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген. (BTo)
Дагы караңыз
УКМК Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү кармалганын билдирдиПрезидеттин иш башкаруучусу “ЭлКатка” Баясовду убактылуу директор кылып дайындадыУлуттук кардиохирургия институтундагы өрттө эки адам каза тапты11-февраль: Кыргызстан жемкорлукту жеңүүдө артка кетти, Дүйшөмбү Ворух жолу, суу боюнча сүйлөшүү уланып жатканын билдирдиТүркия Сирия менен чек арасында соода, транзит чектөөлөрүн алдыЖей Ди Вэнс Европаны жасалма интеллектти ашыкча тескебөөгө чакырды