Архитектура, курулуш агенттиги министрлик болуп түзүлдү

Садыр Жапаров.

Кыргызстанда Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлдү. Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Андан тышкары спорт чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн деген негиз менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп өзгөртүлдү. Ал түз эле өкмөткө караштуу болот.

Тиешелүү жарлык жана тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

2021-жылы Кыргызстанда бюджеттик каражатты үнөмдөө жана артыкбаш мекемелерди азайтуу максатында өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтерге кошулган.

4-февралда эле Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Юстиция министрлигинен кайра ажыратылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болуп түзүлдү. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте жылуулукка тарифти көтөрүү боюнча долбоор даярдалып жататУкраинада ракета соккусунан электр энергиясын берүү убактылуу токтотулдуTI: Кыргызстан жемкорлук боюнча рейтингде беш баскычка артка кеттиГаза: ХАМАС келерки ишембиде барымтадагыларды бошотпой турганын билдирдиЭркин Мамбеталиевдин иши Ысык-Көл райондук сотуна өттүКазакстанда "улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча жазаны күчөтүү сунушталдыТИМ Орусияда 67 миңдей кыргызстандык көзөмөл реестринде экенин маалымдады Милиция MCN coin'дин чет жакта эсеби бар-жогу иликтенип жатканын билдирдиЖКнын тармактык комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдодуӨкмөт сот арачылар институтун ишке киргизүүнү дагы 10 жылга жылдырууну сунуштады