Министрлер кабинети Кыргызстанда сот арачылар институтун ишке киргизүүнү дагы 10 жылга – 2035-жылга чейин жылдыруу сунушун берди.
Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов сот арачылар институтун ишке ашыруу үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат керек экенин, бирок ал бюджетте каралбаганын айтты. Анын сөзүнө караганда, бул сумма керектүү техникаларды сатып алууга, айлык акыга жана башка чыгымдарга сарпталмак.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 11-февралдагы жыйынында мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоп берди.
Сот арачылар институту 2025-жылдын 1-январынан тарта иштеп башташы керек болчу. Эгер ал иштесе оор жана өтө оор кылмышка шек саналып жаткан адам анын ишин сот арачылары карасын деп өтүнүч келтирип, ал колдоо тапса ишти сот арачылары карамак. (BTo)
Дагы караңыз
ЖКнын тармактык комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдодуМилиция MCN coin'дин чет жакта эсеби бар-жогу иликтенип жатканын билдирдиЗордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалдыОшко Турукташтыруу фондунан 500 миллион сом бөлүнөтГаза: ХАМАС келерки ишембиде барымтадагыларды бошотпой турганын билдирдиКазакстанда "улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча жазаны күчөтүү сунушталды10-февраль: БШКнын жетекчиси Шайлдабекова кызматтан кетти, "Крокус Сити" боюнча тергөө аяктады