Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Пуэрто-Рикодо (Пуэрто-Рико АКШнын аймагына кирет, бирок өзүн өзү башкаруу укугуна ээ) АКШнын иммиграция мыйзамдарын бузган деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалып, Флорида штатындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги эки кыргызстандыктын кармалышы боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, АКШнын жаңы миграциялык саясаты, санкциялар тууралуу сүйлөшкөн.
Америка Кошмо Штаттардын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган. Ушул тапта АКШда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өтүп, аларды депортациялоо уланууда.
Дональд Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.
Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул өлкөдөгү кыргызстандыктарга керектүү документтерди жанына ала жүрүү керектигин эскертип, кандайдыр бир маселе жаралган учурда дипломатиялык мекемеге кайрылууга чакырган. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда орточо айлык акы 37 миң 360 сом деп эсептелдиЖалган жалаа үчүн айыпка жыгылган адамдан өндүрүлгөн айып пул бюджетке түшөт Министр Кулубаев АКШнын элчиси менен миграция маселесин талкууладыGergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эркиндикке чыктыДепутат өкмөттү мыйзам долбоорлорун өз алдынча өзгөртпөөгө чакырды УКМК ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголгонун билдирдиМүнхенде ашынган оңчулдарга каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттүИИМ Кыргызстанда 25 миңдей видео камера орнотулганын билдирди