Ливия: Мигранттардын сөөктөрү жапырт көмүлгөн эки жай табылды

Мигранттардын сөөктөрү.

Ливиянын бийлиги 9-февралда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы чөлдө 50дөй мигранттын сөөгү жапырт көмүлгөн экинчи жайды табышты. Биринчи мындай мүрзө 7-февралда Куфр шаарынын жанындагы фермадан аныкталган. Ал жактан 19 мигранттын сөөгүн чыгарышкан.

"Аль-Абрин" кайрымдуулук уюму билдиргендей, мигранттардын айрымдары атып өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.

Буга чейин тартип коргоо органдары Куфрада адам аткезчилиги менен алектенген борборду аныкташкан. Атайын операцияда ал жакта кармалып турган 76 мигрант бошотулган. Үч адам мигранттарды мыйзамсыз кармоо жана аларга кыйноо көрсөтүүгө шектелип кармалды.

Мигранттардын сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайлар Ливияда былтыр да табылган. Африка менен Жакынкы Чыгыштан Европаны көздөй багыт алган мигранттар үчүн Ливия транзиттик өлкө катары саналат.

2011-жылы өлкөдө автократ Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийин башталган башаламандык ушул күнгө чейин уланып келет. Туруксуздуктан пайдаланып адам аткезчилиги менен алектенгендер мигранттарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп, эбегейсиз акча табышат.

Укук коргоо уюмдары жана Бириккен Улуттар Уюму көп жылдан бери Ливияда мигранттар кабылган зордук-зомбулукту документтештерип жүрөт. Аларды күчтөп иштетип, уруп-сабап, зордуктап, кыйноо көрсөткөндөр аныкталган.

Дагы караңыз

Ким Чен Ын Орусияга колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирдиИзраил аскерлери Газадагы маанилүү коридордон чыгып кеттиИран катуу басым болбосо, АКШ менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди