Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы адам аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-январда Жалал-Абад шаардык милициясына облустук ооруканадан билдирүү келип, Таш-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болуп калганын кабарлаган. Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун жолдошу жубайы менен уруш-талаш болбогонун, аялын ооруканага өзү алып барганын айткан.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 6-февралда Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, маркумдун жолдошун кармады.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (TB)
Дагы караңыз
Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна каршы санкция салдыЭсеп палатасы: Саламаттык сактоо министрлигинде 3 млрд сом каржылык мыйзам бузуу аныкталдыБишкекте кыз ала качууга шек саналып эки адам кармалдыАзербайжан бийлиги Бакудагы "Орус үйүн" жабууну талап кылды УКМК Фейсбуктун колдонуучусун "башаламандыкка үндөгөн" деген шек менен кармадыMCN coin криптоактивин уюштуруучулардын бири кармалганы кабарланды