АКШнын президенти Дональд Трамп 6-февралда АКШ жана анын союздаштарын куугунтуктаганы үчүн деген негиз менен Эл аралык кылмыш сотуна санкция салуу тууралуу жарлыкка кол койду. Документте америкалыктарга же алардын союздаштарына каршы тергөөгө катышкан адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө каржылык жана визалык санкциялар колдонулары жазылган.
Жарлыкта Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу боюнча негизсиз ордер бергени да айтылат.
Эл аралык кылмыш соту былтыр 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган.
Эл аралык сот жогорудагы аты аталгандарды 2023-жылкы ХАМАСтын кандуу чабуулдары жана Израил андан кийинки Газа тилкесинде согуш кылмыштарын жасаганы үчүн айыптаган.
Судьялар Нетаньяхуну жана Галантты Газа тилкесиндеги карапайым калкка атайылап чабуул коюп, согушту жүргүзүүнүн эл аралык укуктук нормаларын бузган деп тапкан. Эл аралык сот 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейинки кылмыштарды иликтөөнүн негизинде ушундай корутунду чыгарган.
Дагы караңыз
Эсеп палатасы: Саламаттык сактоо министрлигинде 3 млрд сом каржылык мыйзам бузуу аныкталдыБишкекте кыз ала качууга шек саналып эки адам кармалдыАзербайжан бийлиги Бакудагы "Орус үйүн" жабууну талап кылды УКМК Фейсбуктун колдонуучусун "башаламандыкка үндөгөн" деген шек менен кармады6-февраль: Экс-министр уулу менен соттолду, Швейцария Каримованын 182 млн долларын Ташкентке кайтарат MCN coin криптоактивин уюштуруучулардын бири кармалганы кабарланды