Сот Динара Кутманова менен анын уулун сегиз жылдан абакка кести

Динара Кутманова жана Кемелбек Кутманов. Коллаж.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекетке конфискация кылуу менен сегиз жылга абакка кести. Мындай өкүм 5-февралда чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов болсо Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен айыптуу деп табылып, ал да сегиз жылга соттолду. Мүлкү мамлекетке алынды.

2023-жылдын 25-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Ал министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема уюштурган деп билдирген.

Ал министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан 2023-жылы мартта алынган. Динара Кутманова өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Анын уулу Кемелбек Кутманов 2023-жылдын 17-октябрында Түркиядан Кыргызстанга алып келинген. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Кутманов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Бээжинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулдуКыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуккан эки бала чарчап калдыМинистр “Эл үмүтү” стипендиясын алгандар Кыргызстанда иштебей жатканын айттыГрузиянын парламенти оппозициялык депутаттарды мандатынан ажыраттыКасымалиев АКШ элчиси Вигери менен эки өлкө кызматташтыгын талкууладыПрезидент Садыр Жапаров элди шайлоого активдүү катышууга чакырды