Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн бир миллион доллар бөлүү тууралуу жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын расмий сайтына 5-февралда жарыяланган маалыматка караганда, каражатты Азербайжандын Энергетика министрлиги алат.
Министрлик электр жабдууларды сатып алып, Украинага жөнөтүшү керек. Алиев кол койгон документте Баку менен Киевдин мамилеси достук жана өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп жатканы белгиленди жана "Украинадагы кырдаалга байланыштуу украин элине бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөтүлдү", - деп жазылды.
Азербайжан 2023-жылы гумжардам катары Украинага 7,6 млн долларлык электр каражаттарын жөнөткөн.
Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Алиев Баку бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген. "Биз башка өлкөлөр сыяктуу Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз жана муну ачык билдиребиз, дарактын артына жашынбайбыз”, - деген ал.
Өткөн жылы Чеченстанда Азербайжандын үч жараны – Нихад Рзаев, Эльхан Ширинов жана Вугар Магеррамов кармалганына байланыштуу Баку Орусиядан азербайжан жарандарынын укугун коргоону талап кылган. Азербайжан өз жарандары Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүлгөнүн билдирген.
Дагы караңыз
5-февраль: Депутаттар Мишустинди сындады, Орусияда жаңы миграциялык эреже күчүнө кирди Украина менен Орусия 150дөн туткун айырбаштадыКазан, Саратов жана Энгельс шаарларында дрон чабуулдарынан кийин өрт тутандыВолгограддагы мунай иштетүү заводу дрон чабуулуна кабылганы кабарланды