Ишкер Аскар Салымбековго "Эмгек Баатыры" даражасы ыйгарылды

Аскар Салымбеков.

Ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбековго “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация кабарлады. Салымбековго мындай наам Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн берилгени жарлыкта белгиленген.

Белгилүү олигарх Аскар Салымбеков Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мэри болгон. Ал “Эмгек” саясий партиясын түптөп, 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, босого чектен өтпөй калган.

“Дордой Ассоциациясы” бирикмесинин ардактуу президенти. Ушул күндөрү Салымбековдун 70 жылдык мааракеси белгиленип жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

Краснодардагы мунай базасына дрон чабуулу болуп, өрт чыктыПрезидент Садыр Жапаров канзаада Рахим Ага Ханга көңүл айттыКемпир-Абад иши: фоноскопиялык жана техникалык экспертиза жүргүзүү сунушталды Трамп палестиндерге Газадан көчүүнү сунуштап, аймактын экономикасын өнүктүрө турганын айтты Вице-спикер Президенттин аппараты ЖКнын аппаратына кысым кылып жатканын айтты