Карим Ага-Хан IV Лиссабондо каза болду

Карим Ага-Хан IV. Архив.

Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV 4-февралда Португалиянын борбору Лиссабондо 88 жашында дүйнө салды.

Ага Хан IV 1957-жылдан бери Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин коомун жетектеп келаткан. Ал Кыргызстанга бир нече жолу келип кеткен.

Ага Хан фонду Кыргызстанда 2002-жылдан бери ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.

Нарын облусунда фонддун Борбор Азия университети бар. (BTo)

Дагы караңыз

Швеция: Эребру шаарында окуу борборунда ок атылып, 10дой киши набыт болдуХарьков: Орусиянын Изюмга соккусу беш кишинин өмүрүн алды 4-февраль: Прокуратура Мамбеталиевдин иши боюнча сотко кайрылды, Швецияда мектепте беш киши октон жараат алдыHRW Qaznews24 сатиралык паблигинин автору Енсебекти бошотууга чакырдыТүркия: Ожалан "тарыхый кайрылуу жасарын" күрдчүл партия билдирди Кыргызстанда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кайра түзүлдүКазакстан Актаудагы авиакырсык боюнча иликтөө жыйынтыгын жарыялоону жылдырды