Кыргыз-орус өкмөт башчылары телефондон сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Казакстан. 2025-жылдын 31-январы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-февралда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат Орусиянын өкмөтүнүн расмий сайтына чыкты.

Анда эки өлкөнүн премьер-министрлери 31-январда Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында жетишилген макулдашууларды өнүктүрүү максатында кыргыз-орус соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча пикир алышканы айтылат.

Өкмөт башчылар телефондон сүйлөшкөнү тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети маалымат бере элек.

Михаил Мишустин Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга “кысымын жана негизсиз дооматтарын” токтотушу керектигин талап кылган. Бул кыргыз коомчулугунда талкуу жаратып, “Орусиянын өкмөт башчысы Кыргызстандын өкмөтүнө көрсөтмө бере албасын” белгилеген пикирлер айтылган.

3-февралда мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Михаил Мишустиндин орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу дооматына жооп берди. Ал коюлган дооматтарды четке кагып “Михаил Мишустин чарбалык маселеге саясий боек берип жибергенин” билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ Канаданын да товарына бажы тарифтерин киргизүүнү бир айга токтоттуКыргызстанда былтыр өрт кырсыгынан 47 адам каза болдуАКШ Мексиканын товарына бажы тарифтерин киргизүүнү бир айга токтотту3-февраль: Шыкмаматов Мишустинге жооп берди, Даниянын премьери "Гренландия сатылбайт" деди Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыСтокголмдо Куран китебин өрттөөгө катышкан киши шарттуу кесилдиМаск дүйнөдөгү эң ири донор USAID жабыларын билдирди