3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы борбордо коомдук автобуста жүргүнчү кызга ыдык көрсөткөн адам кармалганын билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 36 жаштагы шектүүнү (К.А.) кармоо учурунда ал укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүп, сөгүп, коомдук тартипти бузган. Шектүү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик камерасына киргизилген.
Шаардык милиция коомдук транспортто болгон окуяга байланыштуу текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы менен шектүүгө кошумча юридикалык баа берилерин кабарлады.
2-февралда социалдык тармактарда чак түштө коомдук транспортто белгисиз адам анын жанында турган кыздын жамбашын кармап жатканы тартылган видео тараган. Автобус аялдамага токтогондо кыз, анын артынан сөз болуп жаткан адам да түшүп кеткен.
Бул тасма коомдо талкуу жаратып, адамдар кызга ыдык көрсөткөн кишини жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Кыргызстанда буга чейин да коомдук жайларда, жумушта аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн окуялар боюнча арыз-даттануулар болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Тажикстан менен Ирандын ортосунда визасыз режим күчүнө кирдиМишустин️ Бишкектен орусиялык компанияларга "кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылганы" кабарландыХерсон облусунда бир киши набыт болду, кеминде 13 тургун жараат алды4-февралдын аба ырайы: Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт Шыкмаматов Мишустиндин дооматына жооп бердиМайлуу-Сууда милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду Баткенде облустук бийлик имараты күн энергиясы менен камсыздалатСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеттиЖарандар ипотекага пенсиянын топтомо бөлүгүнөн 1 млрд сомдон ашык каражат колдонду