4-февралдын аба ырайы: Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт

4-февралда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 1…6

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн –8…-10° суук, күндүз 1…3° болот.

Дагы караңыз

Шыкмаматов Мишустиндин дооматына жооп бердиКыргызстандагы ашууларда жол ачыкМайлуу-Сууда милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду Баткенде облустук бийлик имараты күн энергиясы менен камсыздалатСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеттиТрамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айтты