Бүгүн, 3-февралга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан жолго кум-шагыл чачуу жана кардан, кар күрткүлөрүнөн тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Жолчулар атайын нөөмөт менен өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын сээп жатышканы кабарланды.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен тайгалакка каршы шаймандарды ала жүрүүгө чакырууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-январдан 1-февралга чейин жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн экенин эскерткен.(ZKo)
Дагы караңыз
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеттиЖарандар ипотекага пенсиянын топтомо бөлүгүнөн 1 млрд сомдон ашык каражат колдондуБаткенде облустук бийлик имараты күн энергиясы менен камсыздалатТрамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айттыМилиция Бишкекте автобуста кызга ыдык көрсөткөн адамга издөө жарыяладыБийлик салык саясатын жумшарта баштады