Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Бул маалыматты “Азаттыкка” өзү ырастап, мындай чечимди президент Садыр Жапаров жана өзү кабыл алганын айтты.
Ал 2023-жылы сентябрь айында экинчи жолу министрлик кызматка келген. Биринчи ирет 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, ошол эле жылдын 16-июнунда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.
Бул чуулуу иштерден кийин Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы 19-августта Садыр Жапаровдун жарлыгы менен саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган. (BTo)
Дагы караңыз
Трамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айттыМилиция Бишкекте автобуста кызга ыдык көрсөткөн адамга издөө жарыяладыЖарандар ипотекага пенсиянын топтомо бөлүгүнөн 1 млрд сомдон ашык каражат колдондуБишкекте таштанды урнадан табылган ымыркай чарчап калдыОшто келин беш баласы менен иске ууланып, бир уулу чарчап калдыКартошка Өзбекстан менен Казакстанга былтыр эки эсе көп экспорттолду