Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы борбордо коомдук автобуста кызга ыдык көрсөткөн адам издөөгө алынганын билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, бул фактыны шаардык милициянын жетекчилиги көзөмөлгө алып, видеодогу кишинин жашаган жерин, тек-жайын аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
2-февралда социалдык тармактарда чак түштө коомдук транспортто белгисиз адам анын жанында турган кыздын жамбашын кармап жатканы тартылган видео тараган. Автобус аялдамада токтогондо кыз, анын артынан сөз болуп жаткан адам да түшүп кеткен.
Бул тасма коомдо талкуу жаратып, адамдар кызга ыдык көрсөткөн кишини жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Кыргызстанда буга чейин да коомдук жайларда, жумушта аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн окуялар боюнча арыз-даттануулар болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Жарандар ипотекага пенсиянын топтомо бөлүгүнөн 1 млрд сомдон ашык каражат колдондуБишкекте таштанды урнадан табылган ымыркай чарчап калдыОшто келин беш баласы менен иске ууланып, бир уулу чарчап калдыКартошка Өзбекстан менен Казакстанга былтыр эки эсе көп экспорттолдуПрезидент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен баратХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдикти бошотту