Жарандар ипотекага пенсиянын топтомо бөлүгүнөн 1 млрд сомдон ашык каражат колдонду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2023-2024-жылдары жарандар пенсиянын топтомо бөлүгүнөн ипотекалык турак жай сатып алууда 1 млрд сомдон ашык каражат колдонду. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-февралдагы жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы 1948 адам пенсиянын топтомо бөлүгүнөн 500 млн сомду ипотекалык үй сатып алууда колдонгон. 2023-жылы бул сумма 600 млн сомго жакындаган.

“Пенсиянын топтомо бөлүгүн андан тышкары онкологиялык дарт жана жүрөк оорусу сыяктуу оор дартка чалдыккандар да дарылануу үчүн алса болот. Ошондой эле жумушсуздук боюнча үч айга чейин жөлөк пул катары берилет. Эгерде адам пенсия курагына жетпей каза болуп калса каражат анын мураскоруна берилет”, - деди Гүлнура Жуматаева.

2024-жылдан тарта Кыргызстанда пенсиянын топтомо бөлүгүн ипотекалык эмес турак жай сатып алууда да баштапкы жана кошумча төгүм катары алууга жол ачылган.

Пенсиянын топтомо бөлүгү иштеген жылдарга эмес, төлөгөн акчасына жараша эсептелет. Жалпы иштеген жылдардын айлыктары эсептелип, ошонун 2% топтомо бөлүк катары берилет.

Буга чейин пенсиянын топтомо бөлүгү пенсияга жаңы чыккан учурда, башка мамлекетке жашаганы кетип жатканда, жүрөгүнө же онкологиялык жактан операция боло турган учурда, ипотеканын баштапкы төлөмүнө жана насыянын өзүн да жабууга берилип келген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте таштанды урнадан табылган ымыркай чарчап калдыОшто келин беш баласы менен иске ууланып, бир уулу чарчап калдыКартошка Өзбекстан менен Казакстанга былтыр эки эсе көп экспорттолдуПрезидент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен баратХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдикти бошоттуКазакстан: Абактагы кримтөбөл Арман Жумагелдиев өз денесине залал келтирдиТбилисиде өкмөткө каршы акцияда ондон ашуун адам кармалды