Ош шаарында 33 жаштагы келин беш баласы менен (үч кыз, эки уул) иске ууланып, беш жаштагы уулу чарчап калды.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсык 1-февралда болгон. Көмүрдүн исине ууланган эне балдары менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
2024-жылы 5-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир үйдөн төрт киши иске ууланып, алты жашар бала чарчап калган.
Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) элди сак болууга чакырып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкекте таштанды урнадан табылган ымыркай чарчап калдыПрезидент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен баратХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдикти бошоттуКазакстан: Абактагы кримтөбөл Арман Жумагелдиев өз денесине залал келтирдиТбилисиде өкмөткө каршы акцияда ондон ашуун адам кармалды