Бишкекте окуучулар 28-январда Интергельпо көчөсүндө таштанды урнадан таап алган ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Айына жетпей төрөлгөн кыз Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилип, абалы оор деп бааланып жаткан. Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, чарчап калган ымыркайдын энесин издеп жатат.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөдө, үйлөрдүн жанында же таштандыда калтырылган окуялар Кыргызстанда жыл сайын катталып келет.
3-январда эле Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы “Ал-Гуфран” мечитине эртең менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон эркек бала табылган. 10-январда ымыркайдын 16 жаштагы энеси кармалган.
2016-жылдан тартып таштанды балдар үчүн бэби-бокс (атайын куту) ачуу керек деген демилге көтөрүлүп, бирок ал ишке ашкан эмес.
Кыргызстанда өкмөт жаңы төрөлгөн баласын ар кандай жагдайдан улам бага албай жаткан аялдар үчүн ымыркайын таштабоого убактылуу шарт түзүү аракетин көрүп келет. Мисалы, Бишкектеги ата-энеси баш тарткан наристелер багылуучу Ымыркайлар үйүндө аялдарга оор кырдаалынан чыгып алганча баласынын жанында жашоого тийиштүү шарт бар. Мындай абалга туш болгон энелер атайын социалдык мекемелерге кайрылса болору, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам берилери айтылган.(BTo)
Дагы караңыз
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен баратХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдикти бошоттуКазакстан: Абактагы кримтөбөл Арман Жумагелдиев өз денесине залал келтирдиТбилисиде өкмөткө каршы акцияда ондон ашуун адам кармалдыКанада АКШдан импорттолгон товарларга бажы тарифтерин жарыяладыЗеленский АКШ менен Орусиянын ортосундагы Киев катышпаган сүйлөшүүлөрдү "кооптуу" деп атады