Майлуу-Сууда милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштады

Кыргызстандын милиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштады. Бул тууралуу 28-январда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 20-январь күнү жергиликтүү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Майлуу-Суу шаардык ооруканасынан жаракат алган эки адам тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле шаардын тургундары 1999-жылы туулган Н.К. жана А.К. аттуу жарандар денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Бул фактыны Майлуу-Суу ШИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери Маалыматтарды электрондук каттоо журналына каттап, териштирүү башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө шаардык милициянын эки кызматкери менен жергиликтүү эки тургун 19-январь күнү мушташып кетишкендиги аныкталган. Учурда төртөө тең ооруканада жатат.

Факт боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу шаардык прокуратурасына өткөрүп берилди. (TB\ErN)

Дагы караңыз

Матцаковдун адвокаттары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке кактыТокмокто менчикке чыгарылган ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылдыБишкектеги зоопаркта өрт чыгып, жети жаныбар өлдүСоода-өнөр жай палатасы өкмөттү импорттук цементтин баасына көңүл бурууга чакырды