Кыргыз-кытай чек арасы 29-январдан тартып үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 29-январдан тартып үч күнгө жабыларын билдирди.

Кытайда Жаз майрамы майрамдалып жаткандыгына байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү жайлары 31-январга чейин убактылуу жабылат.

Аталган бекеттер аркылуу адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү 1-февралда жанданат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери 2024-жылдын 1-мартынан тарта күнү-түнү, дем алышсыз иштей баштаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылууга шектелген блогер кармалдыFFE уюму Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Беларустагы шайлоодо байкоочу болгонун сынга алды Жарым жылда күн жана суу электр станцияларын куруу үчүн 42 тилке ижарага берилдиЭкзитпол: Беларустагы президенттик шайлоодо Лукашенко 87,6% добуш алды