Орусиянын аймактары дрон чабуулуна кабылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту тынч жөнгөрүү иштери башталганын айтты. Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Кадырбек Атамбаев жана апасы Раиса Атамбаева кайрадан милицияга суракка чакырылды. Күн мурда партиянын дагы бир мүчөсү Эрмек Эрматов кармалган. Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу үйдө газ жарылып, 62 жаштагы аял каза тапты. Кырсык көп кабаттуу үйлөрдө газга байланыштуу коопсуздук маселесин козгоду.