Такси үчүн лицензия: Мыйзам кандай ишке ашат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Мыйзам бир нече жылдан бери артка кайтарылып келген.

Парламент кабыл алган мыйзамга президент кол койсо, алты айдын ичинде аны ишке ашыруу жолдору иштелип чыгышы керек. Бул мыйзам кандай ишке ашат жана эмне өзгөрөт?