Кадырбек Атамбаев милицияга суракка чакырылганын билдирди

Кадырбек Атамбаев.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын кабарлады. Бул тууралуу ал 22-январда Фейсбук баракчасына жазып, милицияга чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады.

Анда Атамбаев күбө катары суракка чакырылганы белгиленген.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.

Азыркы тапта Социал-демократтар партиясынын үч өкүлү камакта отурат. Партия лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында камалган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган.

Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. (КЕ)

Дагы караңыз

23-январдын аба ырайы: Кар жаап, суук күчөйтКыргызстанда орточо жашоо минимуму 7963 сом деп эсептелдиТоңдо 45 жаштагы аял төрөт үйүндө каза болдуБишкектеги жаңы автобекет быйыл күзүндө ишке берилери айтылды