Тоңдо 45 жаштагы аял төрөт үйүндө каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

21-январга караган түнү саат 03:45те Тоң райондук милициясына аталган райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн төрөт бөлүмүнө келген аял каза болгонун маалымдашкан.

Текшерүү учурунда каза болгон аял 40 жумалык кош бойлуу болгону, 20-январда саат 23:00 чамасында ичи ооруп, райондук оорукананын төрөт бөлүмүнө кайрылганы, текшерилип, көзөмөл бөлмөсүнө жаткырылганы аныкталган.

21-январга оогон түндө саат 2:00 чамасында дааратканага барып, кайтып келе жатканда өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыска убакыт ичинде көз жумган.

Райондук ички иштер бөлүмү бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындаган, тергөө иштери улантылууда.

Бул маалымат боюнча Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын алты айында 24 аял төрөттөн каза болгонун кабарлаган. Толук жыл боюнча маалымат азырынча жок.

2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн көз жумган. (KS/ZKo)

Дагы караңыз

Бишкектеги жаңы автобекет быйыл күзүндө ишке берилери айтылдыЧүйдө 14 жаштагы өспүрүм бала асынган абалда табылдыЫшка байланыштуу айрым заводдордун иши убактылуу токтотулдуТрамп Орусияга каршы санкция киргизүүгө даяр экенин айттыУКМК Мүлктү башкаруу агенттигинде коррупциялык схемалар жоюлбай жатканын билдирди