Орусияда камакта отурган тарыхчы жана укук коргоочу Юрий Дмитриев алты күнгө айып изоляторуна которулду. Бул тууралуу "Мемориал" борборуна шилтеме кылып "Свобода" радиосу жазды.
Тарыхчы буга чейин дагы бир нече жолу айып изоляторуна отуруп чыккан. Бул жолу "таңкы көнүгүүнү туура эмес жасаганы" себеп болгон. Ал Мордовияда катаал режимдеги №18 түрмөдө кармалууда.
Юрий Дмитриев 28-январда 68ге толот. "Мемориал" тарыхчы камалгандан бери бир дагы жолу толук медициналык кароодон өтпөгөнүн, анын саламаттыгы барган сайын начарлап жатканын билдирүүдө.
Алгач 2016-жылы камакка алынган укук коргоочуну жергиликтүү сот 2018-жылы актаган, бирок ал чечимди Карелиянын Жогорку соту жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Тарыхчы былтыр июнда кайрадан камакка алынган.
Дмитриевге бакма кызына "жыныстык кордук көрсөткөн" деген айып коюлган. 2021-жылдын декабрь айында сот аны 15 жылга эркинен ажыраткан. Тарыхчы менен анын жактоочулары муну саясий өңүттө козголгон кылмыш иши деп эсептешет. Ал Москвадагы Сахаров борборунда ГУЛАГды иликтеген.
Орусиялык белгилүү интеллигенция өкүлдөрү жана советтик диссиденттер аны колдоп чыгышкан. (КЕ)
Дагы караңыз
Түркияда өрттөн каза болгондор 76га жетти, президент Жапаров көңүл айттыТүркия: "Карталкая" лыжа базасындагы өрттөн набыт болгондор 70тен ашты 21-январь: Дин мыйзамына кол коюлду, Түркияда лыжа базасындагы өрттөн көз жумгандар 70тен ашты "Ыйгарым укугу аяктаган судья чечим чыгарды". Матцаковдун адвокаттары бийликке кайрылды