Кыргызстандын Министрлер кабинети Чернобыл кырсыгынан жабыркаган жарандардын пенсиясына кошумча төлөнүүчү кенемтенин өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 16-январда кол койгон.
Токтомго ылайык, Чернобыл кырсыгынан жабыркагандардын эң аз пенсиясы 9300 сом болот. Ал эми пенсия өлчөмү минималдык пенсияга жетпегендерге ай сайын 2400 сомдон кенемте кошумча төлөнүп берилет.
Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстандагы 1020 чернобылчы ардагердин пенсиясын көбөйтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 37,1 млн сом кошумча бөлүү зарыл.
2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда пенсионерлердин саны жыл сайын 3-4% өсүп жатат. Социалдык фонд өлкөдө 787 500 пенсионер бар экенин былтыр октябрда маалымдаган. (ZKo)
Дагы караңыз
Адвокаттар Самат Матцаковдун иши боюнча президентке кайрылыштыЖК комитетинде Бишкек жана Ош шаарларындагы жол тыгын маселеси каралуудаКоррупция үчүн соттолгондордун президент же депутат болушуна бөгөт коюу сунушталуудаЖогорку Кеңеш комитети жарандардын маалымат коопсуздугу тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтардыДекларация: Аткаминерлердин кимиси бай?