Аба ырайы: 21-январда Ысык-Көл, Нарында кар жаайт

Синоптиктердин чукул маалымдашынча, 22-23-январда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

23-24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -15…-20 градустан, тоолуу аймактарда -30…-35 градуска чейин суук болот.

21-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 6…8° жылуу болот.

Дагы караңыз

Чек арачынын жесиринин үй маселеси чечилеби?Бишкекте жылуулук баасы кымбаттады. Эмне өзгөрдү?Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүнө өрт койду"Сасык тумоо жүрөк оорусун чакырышы мүмкүн"ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды