Бишкек шаарындагы Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Маалыматка караганда, 20-январдын таңында дүкөн күйүп жатканы тууралуу кабар түшүп, ага төрт күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Анын себептери жана жабыркагандар бар же жогу айтылган жок.
ӨКМдин маалыматына караганда, 19-январда өлкө аймагында беш өрт кырсыгы катталды.
15-январда Бишкек шаарынын Маевка айылына жакын Белозерский кыска көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы жаран каза болгон. (КЕ)
Дагы караңыз
Трамп азырынча АКШда TikTokту жаппай турууну убада кылдыАлматыда активистти колдоп, пикетке чыккан журналист кармалдыТбилисиде ишембидеги акцияда алты киши кармалдыГаза: Израилдин үч жараны барымтадан бошотулду