Сүлүктүдө шахтада урандыда калган кен казуучу куткарылды

Куткаруучулар.

Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде уранды алдында калган кен казуучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрлик билдиргендей, 16-январда кен казуучу шахтада калып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жалпысынан 13 куткаруучу тартылып, кен казуучуну аман-эсен алып чыгышкан. Ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилгени, абалы туруктуу экени кабарланды.

Сүлүктү шаарында бир нече көмүр шахтасы жайгашкан. Буга чейин шахталарда иштеп жатып газга ууланып, өмүрү кыйылган окуялар бир нече жолу катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Ташиев "кримчөйрөнүн анабашы" Көлбаевди жок кылуу чечими тууралуу айттыСловакияда гимназиядагы кол салуудан директор жана мугалим каза болдуТажикстан жана Иран кызматташтыгы тууралуу 23 документке кол коюлду16-январь: Накталай жол кирени 40 сомго көтөрүү сунушу, Астана кыйраган учактагы маалыматтарды алды