Словакиянын Спишска Стара Вес шаарындагы гимназиядагы кол салуудан эки киши каза болду. Алардын бири билим берүү мекемесинин директору, экинчиси мугалим экени айтылды. Жараат алган бир адамдын абалы оор экени кабарланды.
18 жаштагы кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок бир сааттан кийин ал полициянын колуна түшкөн.
Ишти Словакия полициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы териштирүүдө.
Шектүү алгач Кежмарок шаарындагы гимназияда окуп, кийин Спишска Стара Веске которулганы белгилүү болду. Ал мектепте жакшы окуп, олимпиада жана башка сынактарга катышып жүргөн. Бул кылмышка эмне себептен барганы азырынча белгисиз.
Өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо жана башка жогорку жетекчилери трагедияны айыптап, коомчулукту тилектештикке жана колдоого чакырды. Фицо Словакия жарандарын окуяны саясий максатта колдонбоого үндөдү.
Дагы караңыз
Тажикстан жана Иран кызматташтыгы тууралуу 23 документке кол коюлду16-январь: Накталай жол кирени 40 сомго көтөрүү сунушу, Астана кыйраган учактагы маалыматтарды алды Түркмөнстан: Мамлекеттик кызматкерлер президенттин китебин сатып алууга мажбур болууда Казакстан кыйраган AZAL учагынын бортунда жазылган маалыматтарды алды