Талас шаарынын четиндеги Ак-Калпак конушунун тушунда, Суусамыр–Талас–Тараз жолунда 15-январдагы кырсыктан эки адам каза болуп, беш адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, “Хонда Одиссей” менен “Фольксфаген Пассат” үлгүсүндөгү автомашиналар сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жабыркагандардын тек-жайы такталып жатат.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. (MKt)
Дагы караңыз
Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алып, Усубалиевдикин коюу сунушталдыАКШ менен Армения стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюштуДепутат Арка айылындагы үйдө болгон жарылууну териштирүү керектигин айттыБУУнун атайын баяндамачысы Абдирасулованы каралоо күчөгөнүн айтты