АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Арменияга чек араларын бекемдөө боюнча эксперттик жардам көрсөтүү үчүн адистер тобу жөнөтүлөрүн билдирди.
Энтони Блинкен менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян шейшембиде Вашингтондо эки өлкөнүн коопсуздук кызматташтыгын кеңейтүү боюнча келишимге кол коюшту.
Блинкен документке кол коюу аземинде АКШ менен Армения коргонуу, экономика жана демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча байланыштарды чыңдоого өбөлгө боло турган “стратегиялык өнөктөштүк комиссиясын” түзүшкөнүн айтты.
Арарат Мирзоян АКШ чек ара коопсуздугун чыңдоодо эксперттик жардам көрсөтүү үчүн Арменияга адистердин тобун жөнөтөрүн билдирди.
2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) ишмердигине катышууну токтоторун билдирген. Ал эми 4-декабрда парламентте жасаган билдирүүсүндө Еревандын ЖККУга кайтуусу мүмкүн болбой калганын айткан.
Никол Пашинян Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Өз кезегинде, Москва Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.
Армениянын өкмөтү 9-январда Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. (BTo)
Дагы караңыз
Депутат Арка айылындагы үйдө болгон жарылууну териштирүү керектигин айттыБУУнун атайын баяндамачысы Абдирасулованы каралоо күчөгөнүн айттыБишкекти каптаган ыш маселеси парламентте кийинки аптада талкууланатТүштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алындыЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштүЛиванда премьерликке Эл аралык соттун төрагасы Наваф Салам дайындалдыЛавров Трамптын Украина боюнча сунушуна даярдыгын ишарат кылды