Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган ыш боюнча маселе кийинки аптада талкууланат. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ЖКнын 15-январдагы жыйынында айтты.
Депутат Дастан Бекешев борбордогу ыш көйгөйүн 2025-жылы парламенттин биринчи аптасындагы отурумунда талкуулоо чечими кабыл алынганын, бирок эмне себептен жылып кеткенин сурап, маселени кароо керектигин айтты.
“Бул өтө актуалдуу маселе. Адамдар ышты үйүндө отуруп алып, социалдык тармактарда талкуулап жатышат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, бийлик маселени качан чечет деп күтүп отурушат”, - деди ал.
Бул маселени Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Эмил Токтошев да көтөрүп, ыштан өпкө, онкологиялык оорулар көбөйгөнүн, өкмөт көзгө көрүнөрлүк иш аткарбай жатканын сынга алды.
Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда борборду каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. Бишкек дүйнөдө абасы кир шаарлардын сап башына чыгат.
Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алындыЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштүЛиванда премьерликке Эл аралык соттун төрагасы Наваф Салам дайындалдыЛавров Трамптын Украина боюнча сунушуна даярдыгын ишарат кылды"Вагнердин" катарында согушкан казакстандык төрт жарым жылга кесилдиТокойлор өрттөнүп жаткан Лос-Анжелесте катуу шамал болорун эскертишти Рютте: Коргонууга көбүрөөк акча сарптагыла же орусча үйрөнгүлө