Январь окуясына үч жыл: "Уулумдун сөөгүн карай албай койдум"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

35 жаштагы казак жараны Ауэз Капсаланов мындан үч жыл мурда Январь окуялары маалында Алматынын борбордук аянтында атып өлтүрүлгөн. Ал 2022-жылдын башындагы кандуу окуяларда набыт болгон 238 кишинин бири. Ал кезде Казакстанда газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.