Жалал-Абад облусунда 10 күндө 20 адам иске ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда декабрь айында 20 адам иске ууланып, алты жаштагы бала чарчап калды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Сузакта 5-декабрда бир үйдөн төрт киши - үйдүн кожойкеси алты, төрт жана бир айлык балдары менен иске ууланган. Окуядан алты жашар бала чарчап калган.

13-декабрда Аксы районунун Кербен шаарынын Жарды-Колот айылында 30 жаштагы келин алты, сегиз, он жаштагы балдары менен иске ууланган. 12-декабрда Таш-Көмүр шаарында бир үй-бүлөдөн 9 адам иске ууланып ооруканага түшкөн. Алардын кичүүсү үч жашта болгон.

Сузактын Бек-Абад айылында да 14-декабрда иске уулангандар катталган. Анда үч адам ууланып ооруканага түшкөн. Бул окуялардын бардыгы кышкы от жагуу учурунда көмүрдөн чыккан иске уулангандар болуп катталды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болуп, 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (TB)

Дагы караңыз

Ташиев салыкчылардын мыйзамсыз ишинен 30 млрд сом салык түшпөй калганын айттыТашиев Садыр Жапаров дагы "эки жолу президенттикке койгонго укугу бар" деп эсептейтИмамидин Ташов абакта өзүнө дагы кол салып, ооруканага жеткирилдиТашиев: Акылбек Жапаров бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти Евробиримдик министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алыштыАбактагы активисттер Төрөкулова жана Аранова катаал шарттагы режимге которулдуКамчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд сом өндүрүлгөнүн айттыОшто аялын, кайненесин сабаган деген адам бир айга камалды1-январдан тарта жолго төлөнүүчү акча күйүүчү майдан алына баштайт