Ош облусунун ички иштер башкармалыгы аялын жана кайненесин сабаган деп шек саналып жаткан 35 жаштагы адам Кара-Суу райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен айып коюлууда.
Милициянын маалыматына ылайык, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 29-ноябрда күйөө баласы сабаганын айткан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.
Жабырлануучунун күйөө баласы тергөө кызматына жеткирилип, ага биринчи Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү” беренеси менен айып коюлган.
Ага каршы аялын да ур-токмокко алуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
2-декабрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 24 жаштагы келин кайрылып, жолдошу денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
11-декабрда социалдык тармактарда көзү-башы көгала болгон келиндин видеосу тараган. Ал тасмада күйөөсү аны жана апасын сабаганын айтып жатканын көрүүгө болот. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
1-январдан тарта жолго төлөнүүчү акча күйүүчү майдан алына баштайт Украина Курскиде түндүк кореялык аскерлер каза болгонун билдирдиAI: Сербиянын бийлиги журналисттерди көзөмөлдөө үчүн санарип технологиясын пайдаланатБундестаг канцлер Олаф Шольцко ишеним көрсөткөн жокАбактагы активисттер Төрөкулова жана Аранова катаал шарттагы режимге которулдуТашовдун жакындары бийликтен ишкерди үй камагына чыгарууну сураныштыЕвробиримдик министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алышты