Саламаттык сактоо министрлиги быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун трансплантология бөлүмүндө мамлекеттин эсебинен 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалганын, жылдын аягына чейин дагы 2 операция жасаларын билдирди.
2025-жылы бюджеттик негизде мындай 50 операцияны кылуу пландалган.
Бөйрөк алмаштыруу операциясы Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун базасында кыргызстандык хирургдардын аракети менен 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Андан бери жалпы 62 операция жасалып, анын 20сы 2024-жылы болду.
2023-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Бул процедуралар үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 2,5 миллиард сомго жакын каражат каралат. (BTo)
Дагы караңыз
Запорожьеге жасалган чабуулдун курмандыктары өстүУКМК төрагасы Темирлан Султанбеков боюнча суроого жооп бердиТашиев: Армения, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине барТөрага Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейтТашиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ ЖКга январда киргизилерин айтты“Бийликти күч менен басып алуу” иши боюнча дагы бир мурдагы прокурор кармалды